16-майда 224 адамга коронавирус жукканы лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык алардын эң көбү Бишкекте (150) анан Чүй облусунда (41) катталды.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын расмий саны 100 473 адамга жетти. 93 602 адам илдетти жеңип, сакайып кетти.
16-майга карата коронавирус илдетинен 8 адам көз жумду. Алардын бешөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда жана бирөө Ысык-Көл облусунда катталды. Жалпы пандемия учурунда коронавирустан көз жумгандардын саны 1703 адамга жетти.