Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 1108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
Бишкек шаарында 323 адам;
Ош шаарында 124 адам;
Чүй облусунда 122 адам;
Ош облусунда 93 адам;
Нарын облусунда 54 адам;
Ысык-Көл облусунда 154 адам;
Жалал-Абад облусунда 107 адам;
Баткен облусунда 61 адам;
Талас облусунда 70 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 28 миң 251 бейтап катталды.