25-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган жаӊы 228 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 113 адам;
— Чүй облусунда 24 адам;
— Ош облусунда 31 адам;
— Ош шаарында 32 адам;
— Жалал-Абад облусунда 10 адам;
— Талас облусунда 3 адам;
— Нарын облусунда 1 адам;
-Баткен облусунда 2адам;
— Ысык-Көл облусунда 12 адам.
Кыргызстан боюнча жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 3954ге жетти.