Кыргызстанда бүгүн, 19-мартка караган суткада дагы 96 адамдан COVID-19 диагнозу табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
– Бишкек шаарында 43 адам;
– Ош шаарында 2 адам;
– Чүй облусунда 35 адам;
– Ош облусунда 3 адам;
– Талас облусунда катталган жок;
– Нарын облусунда 3 адам;
– Ысык-Көл облусунда 8 адам;
– Жалал-Абад облусунда 2 адам;
– Баткен облусунда катталган жок.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 87 239 адам COVID-19 илдетин жуктурду.