Бишкекте акыркы суткада коронавирус инфекциясынын 56 жаңы учуру катталды, алардын ичинен 46сынан COVID-19 табылган, калганы — пневмония. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 23-мартка карата жалпы аныкталган оорулардын саны 29 миң 645 болсо, анын 13 миң 89у пневмония менен ооругандар.
«Азыркы учурда эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө, бирок бири-бирибизди жана шаарыбызды сакташыбыз керек. Ушуга байланыштуу социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаеванын тапшырмасы боюнча санитардык көзөмөл жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча мобилдүү топтор тарабынан текшерүүлөр күчөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, өндүрүштүк көзөмөл жана санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик бардык жетекчилерге жүктөлөт.