• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирус: Бишкекте 118 кызматына чалгандардын саны өстү

18 Кулжа 2020 11:56 Бишкек Govori.TV

Өзүнөн коронавирустун белгилерин байкаган калаа тургундары үчүн иштеп жаткан 118 ыкчам байланыш номерине чалуулар боюнча 17-июнь күнү рекорд катталды. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаарынын саламаттык сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Бактыгүл Исмаилованын айтымында, бир күн ичинде 670 чалуу болгон.

«Апрель айында 118 номерине 5 312 киши чалган. Май айында 4 004. Июнь айында бул көрсөткүч дароо көтөрүлүп, үч жума ичинде 4 520 киши чалды. Кечээ эле 670 чалуу кабыл алынды, бул рекорддук көрсөткүч», — деди Исмаилова.

Количество просмотров: 69