• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Коронавирус: Бишкектеги бир катар соцмекемелер карантинге жабылды

1 Теке 2021 18:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын башкармалыгы тарабынан социалдык мекемелерде коронавирус менен оорууга жол бербөө боюнча иштер өткөрүлүүдө, анын натыйжасында аларда оору катталган жок.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бирок коронавирус менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу максатында 22-июндан тартып бир катар соцмекемелер, атап айтканда Бишкек шаардык жалпы типтеги стационардык социалдык мекемесиндеги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүүлөр жана карылар, балдарды адаптациялоо социалдык борбору, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борбору, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын алдындагы социалдык жатакана жана «Аялзат» кризистик борбору карантинге жабылды.

«Ошондой эле, өткөн жылдын жаз айынан баштап майыптардын шаардык реабилитациялык борбору жана «Ардагер» геронтологиялык борбору иштей элек, себеби аталган мекемеге келгендер тобокелдик категориясына кирген адамдар”,-деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы бардык сактык чараларын көрүүгө жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди: бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, антисептик колдонуу, колду бат-бат жууп туруу жана имараттын ичин желдетип турууга чакырат.

Количество просмотров: 6658