• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Коронавирус: Бишкектеги бир нече ооруканада бош орун жок

30 Кулжа 202111:55 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүн, 30-июнда эртең мененкиге карата ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди.

Ооруканалардагы бош орундардын саны:

  • Кыргызстан курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда — 152 орун;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканада — 8;
  • Улуттук онкология жана гематология борборунда — 3;
  • Улуттук кардиология жана терапия борборунда — 1;
  • Улуттук госпиталда бош орун жок;
  • Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында бош орун жок;
  • Аскер госпиталында бош орун жок;
  • Республикалык наркология борборунда бош орун жок;
  • №6 шаардык клиникалык ооруканада бош орун жок;
  • Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок;
  • Чүй облустук бириккен ооруканасында бош орун жок;
  • Улуттук госпиталдын урологиия имаратында бош орун жок;
  • Улуттук хирургия борборунда бош орун жок.

Бүгүн, 30-июнга караган суткада Кыргызстанда дагы 1965 адамдан COVID-19 вирусу тастыкталды. Бул чоң көрсөткүч.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 125 003 адамга жетти.

Количество просмотров: 276