Бүгүн, 21-июнга карата Кыргызстанда дагы 170 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
Бишкек шаарында – 56;
Чүй облусунда — 43;
Ош шаарында — 14;
Ош облусунда — 22;
Баткен облусунда — 1;
Жалал-Абад облусунда — 19;
Ысык-Көл облусунда — 15.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3151 адамга жетти.