• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коронавирус дагы 172 кишиден табылып, төрт адам каза болду

4 Чын куран 2021 13:48 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 4-апрелдеги маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда илдет 172 кишиден жаңы аныкталды. Анын 124ү Бишкек шаарында.

Илдеттен төрт адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Чүй облусунун тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1506 адамга жетти.

Кыргызстанда коронавирусту жалпы 89 014 адам жуктуруп алды. Анын 85 164ү сакайып чыкты. Ооруканада 625 адам бул илдет менен алышып жатат. 29 адам өтө оор абалда.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта баштады. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Ага Кытайдын SinoPharm компаниясынын вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Количество просмотров: 72