Коронавирус дагы 22 адамдан аныкталды
1 Жалган куран 2021 10:13 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 1-мартка карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 диагнозу (коронавирус жана пневмония) 22 адамдан аныкталды.
- Бишкек шаарында 9;
- Чүй облусунда 4;
- Талас облусунда 1;
- Нарын облусунда 2;
- Ысык-Көл облусунда 4;
- Жалал-Абад облусунда 2.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 86 251 адамдан COVID-19 диагнозу тастыкталган.
Подписаться:
Количество просмотров: 39