Кыргызстанда 17-майга карата коронавирус дагы 259 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 161, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 44, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 10 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 284 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 194, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 адам сакайды.