• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Коронавирус дагы 468 адамдан аныкталып, 7 бейтап көз жумду

13 Баш оона 2021 9:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 13-августка карата коронавирус дагы 468 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 262, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 72, Ош облусунда –12, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 25 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 646 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча жети бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 283 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 668 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 171 миң 238 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 161 миң 450 киши айыгып чыкса, 2 миң 433 адам каза болду.

Количество просмотров: 119