• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирус дагы 95 адамдан жаңы аныкталды

23 Аяк оона 2021 9:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 23-сентябрга карата коронавирус 95 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 44, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда — 2, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 96 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 553 бейтап, амбулатордук түрдө 850 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 36 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 369 киши айыгып чыкса, 2 миң 595 адам каза болду.

Количество просмотров: 113