Кыргызстанда 20-апрелге карата 225 кишиден коронавирус табылып, 173 бейтап оорудан сакайды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 92 320га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 229ду түздү.
Акыркы суткада коронавирустан эки киши каза болду. Анын бири Бишкектен болсо, экинчиси Чүй облусунун тургуну. Көз жумгандардын жалпы саны 1 557ге жетти.
Азыркы тапта өлкө боюнча ооруканаларда 1 236 бейтап илдет менен алпурушуп жатса, үйүндө 1 324 киши дарыланууда.