• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирус: Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 120млн.доллардан ашык каражат бөлдү

27 Жалган куран 2020 11:39 Бишкек Govori.TV

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 120.9 миллион доллар каражат бөлдү. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

«COVID-19 пандемиясынан Кыргызстан 120,9 миллион доллар алат», — деп жазылат фонддун маалыматында.

Фонд Кыргызстан макроэкономикалык жана каржылык кырдаалын жөнгө салып, жумшартуу үчүн ылайыктуу саясат жүргүзөрүн баса белгилеген.

Эл аралык валюта фондунун билдирмесине ылайык, эпидемия мамлекеттин макроэкономикалык божомолун начарлатып, төлөм балансында 400 миллион долларлык дефицитти пайда кылган.

«ЭВФ тарабынан көрсөтүлгөн насыялык көмөк колдоо механизмин түзүүгө жана Кыргызстандын экономикасында ишенимди бекемдөөгө жардам берет», — деп айтылат фонддун билдирүүсүндө.

Фонддун тескөөчү жетекчиси Кристалина Георгиева COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын экономикасына катуу сокку урганын, мындан улам төлөм балансын жөнгө салуу керектелгенин айткан.

Количество просмотров: 126