• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 4 миңден ашып, 106 адам каза болду

28 Үчтүн айы 202011:14 Бишкек Govori.TV

Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 4 миң 515ке жетип, алардын ичинен 106 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазат.

Мындан мурдараак 3 миңге жакын адам ооруга чалдыкканы жана 81 киши каза болгону айтылган.

РИА новости жазгандай, кытай бийлигинин маалыматы боюнча, 976 адамдын абалы оор болсо, 60 бейтап үйүнө чыгарылган.

Андан тышкары, 6 миң 973 адам ооруну жуктуруп алган деген күмөн болууда. Ошондой эле оорулуулар менен аралашып жүргөн 44 миң 132 адам байкоого алынган.

Количество просмотров: 336