• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирус көбөйдү. Бир күн ичинде вирус менен дагы 348 адам катталды

11 Үчтүн айы 2022 10:51 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлигинин 11-январдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2821 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 348 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (244 адам). Кечээ 10-январда вирус жугузган 198 адам катталган. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 186 413 адамга жетти.

Акыркы суткада 85адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 475 бейтап, амбулатордук түрдө 1 196 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 413 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 432 киши айыгып чыкса, 2 миң 821 адам каза болду.

Количество просмотров: 107