• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирус: Корея Кыргызстанга 50 миң доллар бөлөт

3 Чын куран 2020 15:40 Бишкек Govori.TV

Корея Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш үчүн 50 миң доллар акча каражатын бөлөт. Бул тууралуу Кореянын КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Корея өкмөтү ыкчам түрдө Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) аркылуу каражат бөлмөкчү.

«Кыргызстанда коронавирустун жугуу учурлары көбөйүп жаткандыгын жана медициналык жабдыктардын жетишсиз экендигин эске алып, Корея Республикасынын өкмөтү KOICA аркылуу ыкчам түрдө жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

50 миң доллар 600 даана бир жолку колдонуучу коргоочу кийимдерди, 1000 даана беткап, 500 даана N95 респиратордук беткап, медициналык көз айнектерди жана колкап алууга жумшалат.

Количество просмотров: 912