Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал курчуп кетсе, дары-дармектердин запасы бар жана медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар эки айга жетет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-марттагы маалымат жыйында билдирди.
«Жасалма дем алдыруучу жабдуулар, ооруну дарылоого керектүү аппараттардын баары жетиштүү. Эгер абал курчуп кетсе биз 2020-жылдагыдай мектеп, клубдарга стационар ачпай, ооруканалардын баарында вирус болгондорду дарылоо үчүн даярданып жатабыз», — деди ал.
Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 143 кишини түздү.