• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Коронавирус: Кыргызстан кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алат

25 Жалган куран 202013:02 Бишкек Govori.TV

Республикалык штабдын тапшырмасына ылайык, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте медициналык каражаттарын, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иштерди жүргүздү.

Бүгүн, 25-мартта, 112 500 АКШ долларына ташуу эсеби жок кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди. Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине келип түшөт.

Буга чейин, Кыргызстанга 22 500 АКШ доллар суммасында ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест сатып алынып жеткирилген.
Ал экспресс-тесттер КР Өкмөтүнүн эсебинен иш жүзүнө ашырылган.

Количество просмотров: 139