• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коронавирус: Кыргызстандыктардын чет өлкөлөргө чыгуу талаптары жөнүндө маалымат

8 Бирдин айы 2021 12:54 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттердин COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү чараларын эске алуу менен киргизүү талаптары жөнүндө маалымат берди.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, маалымат чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн маалыматтарынын негизинде даярдалган.

Америка Кошмо Штаттарында 2021-жылдын 26-январынан тартып COVID-19га карата ПЦР-тесттин терс жыйынтыгынын болушу тууралуу талап киргизилген.

Оорулардын алдын алуу жана күрөшүү борборунун (CDC) талаптарына ылайык, АКШга кирүү үчүн COVID-19га карата учканга чейинки акыркы 72 саат ичинде тапшырылган тесттин терс жыйынтыгы же акыркы үч ай ичинде айыккандыгын тастыктаган документ талап кылынат. Бул талаптар 2 жаштан жогорку бардык адамдарга тиешелүү.

Чет мамлекеттерден АКШга сапар тарткан бардык жүргүнчүлөр бул көрсөтмө менен https://www.cdc.gov/coronavirus/2019-ncov/travelers/testing-air-travel.html дарегинен тааныша алышат.

Ошондой эле АКШга учуучу рейске отурганда, авиакомпаниялар «Passenger Disclosure and Attestation to the USA» формасы толтурулгандыгын текшеришерин белгилей кетүү керек.

Мурда белгиленгендей, Түркия Республикасынын өкмөтүнүн чечими менен Түркияга келген чет мамлекеттердин жарандары үчүн COVID-19 коронавирус инфекциясынын жоктугун күбөлөндүргөн ПЦР анализинин (акыркы 72 саатта (3 күндө)) жыйынтыгынын болушу тууралуу талап киргизилген.

Мындан тышкары, акыркы күндөрү Улуу Британияда, Түштүк Африка Республикасында, Данияда жана Бразилияда болуп келген адамдар терс жыйынтыкты көрсөткөн ПЦР тестин тапшыруу зарылдыгынан тышкары, Түркия Республикасынын аймагына киргенден кийин, Провинциялык администрациялар тарабынан аныкталган жайларда 14 күндүк карантинде болушат.

Карантиндин 10-күнү жогоруда аталган адамдар ПЦР тестинен өтүшөт. Натыйжасы терс чыкса, 10-күндүн аягында карантин токтотулат. ПЦР изилдөөсүнөн өтпөгөндөр үчүн карантин 14-күнү аяктайт. Оң натыйжа чыкса, дарылоо Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 боюнча көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүлөт.

  1. Германия Федеративдик Республикасы кирүү талаптарын күчөтүүдө. Киргенде эле милдеттүү тестирлөө жүргүзүлөт: Германиянын аймагына киргенге чейинки акыркы 48 сааттын ичинде же киргенден кийин дароо. Ошондой эле үй карантинин милдеттүү түрдө сактоо киргизилген, ал ФРГге киргенден кийинки 5 күндөн соң алынган терс натыйжалуу ПЦР-тесттен улам азайтылышы мүмкүн.
  2. Өзбекстан Республикасында 2020-жылдын 25-декабрынан баштап Өзбекстан Республикасына киргендерде коронавирус инфекциясынын антигенинин болушуна экспресс-тест жүргүзүү талабы киргизилген.

Ошол эле убакта бул процедура COVID-19дун жоктугу тууралуу күбөлүгү бар адамдарга дагы тиешелүү.

Чек арадан бир күндө бир нече жолу өтсө дагы, тестти өткөрүү талабы ар бир өткөн учурга тиешелүү бойдон кала берет.

  1. Индонезия Республикасынын өкмөтү 2021-жылдын 26-январынан тартып өлкөгө кирүүгө убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдайт.
  2. Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешинин 2020-жылдын 21-декабрындагы №705 токтомуна ылайык, өлкөгө кирүүнүн жана чыгуунун тартиби өзгөртүлөт.

Тактап айтканда, Беларусь Республикасына кирүү үчүн Беларусь Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын автоунаа өткөрүү пункттарынан, жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү пункттарынан, темир жол бекеттериндеги (станциялардагы), дарыя портторундагы өткөрүү пункттарынан чет өлкөлүк жарандар менен жарандыгы жок адамдарды өткөрүү убактылуу токтотулду. Чектөө Минск улуттук аэропорту аркылуу кирген адамдарга жайылтылбайт.

  1. Кытай Эл Республикасынын өкмөтү коронавирус инфекциясынын жайылуу тобокелдигин азайтуу максатында ПЦР тестин жана COVID-19га карата IgM Антителосун аныктоочу тестин алуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алды.

Вакцинацияланган жүргүнчүлөр паспортун, ПЦР-тестинин жыйынтыгын, IgM Антитело тестинин жыйынтыгын жана эмдөө сертификатын http://hrhk.cs.mfa.gov.cn/H5/ сайты аркылуу жүктөшү керек. Текшергенден жана жактыруудан кийин КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Элчилиги чет өлкөлүк жарандарга “HDC” белгиси бар “Саламаттыгы тууралуу жашыл маалым катты” берет. Учакка отуруп жатканда, сиз “Саламаттыгы тууралуу жашыл маалым каттын” электрондук же кагаз түрүн көрсөтүп, текшерүү үчүн авиакомпанияга тапшырышыңыз керек.

Ошол эле учурда, Министрлик Оман Султандыгы 103 мамлекеттин жарандары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн төмөнкү шарттарда жана төмөнкү документтер менен Оманга кире ала турган жарандардын виза режимин жеңилдеткенин маалымдайт:

Кирүү учурунда кеминде 6 айга жарактуу эл аралык паспорту;

Ырасталган кайтуу билети;

Мейманканадан орун алынгандыгын ырастоо;

Медициналык камсыздандыруу полиси;

Чет жердеги чыгымдарды жабуу үчүн финансы каражаттары.

Бул жерде болуунун максималдуу мөөнөтү – 14 календардык күн. Ал жерде жүрүү мөөнөтүн узартууга же резиденттик визанын ар кандай түрүнө алмаштырууга болбойт. Жүргөн убактысы ашып кетсе, ашып кеткен ар бир күнүнө 10 риал өлчөмүндө айып салынат.

Эгерде Оманда болуу мезгили барган адам үчүн жетишсиз болсо, ал Оманга келгенге чейин эле алдын-ала ар бир түрү үчүн белгиленген системага жана консулдук жыйымдарга ылайык, туристтик визанын башка түрлөрүнүн бирин сурай алат.

Туризм визаларынын башка түрлөрү (бир айлык туристтик виза, көп жолку туристтик виза, Перс булуңундагы Кызматташтык Кеңешине кирген өлкөлөрдө жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар үчүн жылдык туристтик виза) тиешелүү тутумга ылайык жеткиликтүү болот.

Бул мүмкүнчүлүктөн Перс булуңундагы Кызматташтык Кеңешине кирген өлкөлөрдүн биринде иштөө визалары бар чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары дагы пайдалана алышат.

Ошондой эле жөнөкөйлөтүлгөн кирүү тутуму, эгерде сизде төмөнкү өлкөлөрдүн: АКШ, Канада, Австралия, Улуу Британия, Япония, Шенген өлкөлөрүнүн жарактуу визасы болсо иштейт.

Оман тарап бул жөнөкөйлөштүрүлгөн кирүү тутуму Оман Султандыгына иштөө үчүн барууну, ошондой эле андан кийин жашап калууга уруксат алуу максатында башка типтеги виза алуу үчүн арыз жазууну карабайт деп белгилейт.

Количество просмотров: 157