Меценат жана ишмер Исакунов Азат коронавирус илдети менен күрөшүүгө жалпысынан 15млн.сом которду. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Азамат Баяманов өзүнүн баракчасына жазды.
«Меценат жана ишмер Исакунов Азат коронавирус илдети менен күрөшүүгө атайын ачылган эсепке 10 (он) миллион сом жана обсервациядагы медиктерге жардамга 5 (беш) миллион, баш аягы 15 миллион сом которүп бериптир», — деп жазган ал.
Эске салсак, коронавирус менен күрөшүүгө атайы эсеп ачылып, ага өз калоолору менен жарандар каражат которуп жатышат.