Коронавируска каршы Американын «Pfizer» вакцинасы Кыргызстанга туура келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде айткан.
«Глобалдык альянс бизге америкалык Pfizer вакцинасын сунуштаган. Бирок вакцина -70 градус температурада сакталышы керек. Бизге 1 млн 200 доза акысыз берилет. Аны алып келип, сактап, элди эмдөө үчүн атайын муздаткыч керек болот. А бизде андай муздаткычтар жок. Сатып алалы десек, 4 миң доллардан өйдө бааланат. Pfizer вакцинасынын материалы үчүн дагы 2 млн доллар керектелет. Бюджетте мындай акча жок», — деди министр.
Кошумчалангандай, Саламаттыкты сактоо министрлиги Глобалдык альянстан башка вакцина сурайт.