• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирус: Реанимацияга түшкөн алты бейтаптын бешөө жөнөкөй палатага которулду

27 Жалган куран 2020 14:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алып, реанимацияга түшкөн алты бейтаптын бешөө жөнөкөй палатага которулду. Бул тууралуу 27-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бешөөнүн арасында реанимацияга оор абалда биринчи түшкөн 71 жаштагы бейтап да бар.

Ал эми алтынчы бейтап дагы эле реанимация бөлүмүндө. Ал Жалал-Абал облустук ооруканасында.

Акматова алты бейтаптын бири да жасалма дем алдыруучу аппаратка коюлбаганын кошумчалады.

Кыргызстанда 27-марттын 14:00үнө карата коронавирус жуккан дагы 14 жаңы учур катталды. Алардын жетөө Ош, жетөө Жалал-Абад облусунда. 14 адамдын ону аял, калган төртөө эркек. 27-мартка карата илдет жуккандардын саны 58 болду

Количество просмотров: 235