Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков «COVID-19 илдетин ынтымак менен жеңебиз!» аталышындагы хештег жарыялады. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жайгаштарды.
» Урматтуу мекендештер! Ар бирибиз өзүбүздүн жана жакын адамдарыбыздын саламаттыгына кам көрөлү. Балдарыбызды, кадырман карыяларыбызды асырайлы. Өкмөт тарабынан сунушталып жаткан эрежелерди сактасак, баары жакшы болот. Кудай буйруса, жоопкерчилик, тартип жана ынтымак менен COVID-19 илдетин жеңебиз!»,-деп билдирди төрага.