• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коронавирус: Ысык-Көлдөн Бишкекке 30 медицина кызматкери келет

2 Теке 2020 16:08 Бишкек Govori.TV

Коронавирус менен күрөшүү үчүн Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына 30 медицина кызматкери жөнөтүлөт. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, алар борбор калаадагы кесиптештерине жардам бермекчи.

“Ошондой эле, бул жакка пансионаттарда иштөө үчүн Бишкек шаарынан 24 медицина кызматкери келери күтүлүүдө. Алар менен келишим түзүлгөн”, — деди ал.

Количество просмотров: 92