• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коронавирус. Өзбекстанда 1-апрелден тарта чектөөлөр күчөтүлөт

24 Жалган куран 2021 16:36 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда Атайын республикалык комиссия эпидемиологиялык абалдын курчушунун алдын алуу үчүн 1-апрелден тартып бир катар чектөөлөрдү киргизет.

1-апрелден тартып аш-тойлорду өткөрүү учурунда санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлөт. Коноктордун саны 100дөн ашпоого тийиш.

Мындан тышкары театр, кино жана концерттик программалар учурунда көрүүчүлөрдү жана тейлөө кызматкерлерин беткап менен камсыздоо боюнча тапшырма берилди. Залдын 50% гана толууга тийиш, көрүүчүлөр аралыкты сактап отурууга, дене табын өлчөтүүгө милдеттендирилет.

Уюштуруучулар залда карантин эрежелеринин сакталышына жооптуу болушат.

Количество просмотров: 170