• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирус жана пневмониядан 2 миң 245 адам дарыланууда

29 Аяк оона 2020 11:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 245 адам дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 761 бейтап, үй шартында 1 миң 484 адам дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 167 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 46 миң 522ни түзөт. Алардын ичинен 42 миң 761 киши айыгып чыкты, 1 миң 64 адам каза болду.

Количество просмотров: 62