Кыргызстанда 9-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 87 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 613 адамга жетти.
Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 27
Ош – 2
Чүй облусу – 8
Ош облусу — 11
Талас облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 7
Жалал-Абад облусу – 13
Баткен облусу – 17