Өлкөдө коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 8 миң 46 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.
Үсөнбаевдин айтымында, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган.
«Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 132 адам жатат», — деди Үсөнбаев.