Коронавирус жуктурду деп шектелген кыргызстандыктан андай диагноз такталган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Айнагүл Рыскулбекова Govori.TVга билдирди.
“Тайланд каттамы менен учуп келген жүргүнчүдө коронавирустун белгилери жок. Текшерүүдөн кийин анын аллергиялык оору менен жабыркай турганы аныкталып, диагноз коюлду. Учурда аны башка ооруканага которушту. Бугүнкү күндө коронавирусту алдын алуу үчүн атайын штабдар иштеп жатат”,-деди Рыскулбекова.
Мындан сырткары, ал Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча суроолорго жооп берген тынымсыз байланыш линиясы ачылганын кошумчалады.