• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Коронавирус жуктурган 276 адам бейтапканаларда дарыланууда

30 Чын куран 2020 10:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 276 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 746ны түзөт. Алардын ичинен 462 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду. Ооруканада 275 бейтап дарыланууда.

«Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен 6 бейтап реанимацияда жатат. 44 бейтаптын абалы орточо оор. 220 адамдын абалы канааттандырарлык», — деди ал.

Количество просмотров: 60