• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Коронавирус жуктурган бейтаптар менен 4683 адам байланышта болгон

14 Бугу 202010:56 Бишкек Govori.TV

COVID -19 аныкталган бейтаптар менен 4683 адам байланышкан. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган.

«Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 534 адам жатат», — деди Каратаев.

Количество просмотров: 213