• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Коронавирус жуктурган прокурор жандандыруу бөлүмүндө

24 Чын куран 2020 18:57 Бишкек Govori.TV

Коронавирус аныкталган прокурор жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Коронавирус илдетин жуктурган милиция кызматкери дарыланууда. Дарылоо биздин дарыгерлердин колунан келет деп ишенем»- деп билдирди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктурган жаңы учур катталбаганын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын ичинен 12 адам укук коргоо органдарынын кызматкерлери экени маалымдалган. Кызматкерлерге коронавирус кызматтык милдеттерин аткарып жүргөндө жуккан. Алардын баары дарыланып жатат.

Количество просмотров: 372