Милиция кызматкери опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Белгилүү болгондой, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чет өлкөлүк жарандан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери тарабынан жасалган мыйзамсыз аракеттер тууралуу арыз келип түшкөн.
«Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын февраль айынын аягында милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, андан 5 миң доллар акча талап кылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы биргелешип өткөргөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Дж.М. кармалган»,-деп айтылат билдирүүдө.
Бир катар тинтүү иш-чаралы жүргүзүлүп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.