• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Төө-Ашуудагы ири өрттү өчүрүүгө жардам берген милиция кызматкери каза болду

2 Жетинин айы 2023 13:15 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев 41 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.

Дилмурат Шамшиев 1982-жылы 16-февралда Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИОна 24 жашында кабыл алынып, бир нече жыл кенже курамда кийин аймактык тескөөчү, жашы жете электер менен иштөө инспекциясында андан кийин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында үзүрлүү эмгектенип, акыркы мезгилдерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымдарын кошуп келген.

Артында 3 баласы калды.

Айрым маалыматтар боюнча Шамшиев Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнгөндө жабыркап, ооруканага жеткирилгендердин бири болгон.

Количество просмотров: 1765