• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Коронавирус жуктурган жарандардын азыркы абалы айтылды

22 Жалган куран 202018:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын ичинен 2 бейтаптын абалы орто оор. Алардын дене табы 38 градус, кургак жөтөл бар. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова бүгүн, 22-мартта кечки онлайн маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык алар Жалал-Абад облусунун тургундары.

«Коронавирус аныкталган 2 бейтаптын абалы орто оор, калгандары – 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Симптомдук дарылоо иштери улантылат», — деп билдирди Ахматова.

Кошумчалай кетсек, 18:00гө карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Өлкөдө жалпы 14 бейтап бар. Алар: 6 эркек, 8 аял.

Количество просмотров: 16750