• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медициналык кызматкерлерди окутуу башталды

24 Жалган куран 202112:04 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медициналык кызматкерлерди окутуу башталды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт.

Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан COVID-19га каршы SinoPfarm вакцинасынын 150 миң дозасы келген.

Количество просмотров: 92