Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чараларына акча каражатын которуу үчүн энчилүү эсеп ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 10-марттагы токтомуна ылайык, Каржы министрлигинин борбордук казынасы Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн эсеп ачты.
«Бул эсептерге түшкөн бардык каражаттарды Саламаттыкты сактоо министрлиги иш-чараларга жумшайт», — деп айтылды маалыматта.
Эсептин реквизиттери сом менен:
Саламаттыкты сактоо министрлиги — мамлекеттин пайдасына багытталган кирешелер — коронавирус 4402011000101373.
Акча каражатын которуу үчүн 14511100 — мамлекеттин пайдасына багытталган кирешелер» элементинин кодун пайдалануу керек.
Ошондой эле чет өлкөлүк валютадагы гранттык каражаттарды жогоруда аталган Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине төмөнкү реквизит менен (доллар) которсо болот.
Correspondent Bank:
Federal Reserve Bank of New York, New York, USA SWIFT: FRNYUS33
Beneficiary bank:
National Bank of the Kyrgyz Republic, Bishkek, Kyrgyz Republic, 168, Chui Str., 720040 Bishkek, Kyrgyz Republic SWIFT: NBKIKG22 Correspondent account number: 0210-8671-5
Beneficiary:
Central Treasury of the Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic
Beneficiary account:
№ 1013350100590106