• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коронавируска каршы жетишсиз дарылар (тизме)

6 Баш оона 202019:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын оор түрүнө каршы дары-дармек жетишсиз болууда. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева 6-августтагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча абал бир топ турукташты. Бирок айрым дарылардын жетишсиздиги дагы эле байкалып жататат.

Кыргызстанда азыр төмөнкү дарылар тартыш болууда:

  • надропарин (фраксипарин)
  • натрийдин эноксапарини
  • кларитромицин
  • пиперациллин-тазобактам
  • мидазолам
Количество просмотров: 128