Кыргызстанда 20-майга карата коронавирус дагы 361 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 193, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 13, Талас облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 28, Нарын облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 320 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 177, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 85, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен обулсунда — 1 адам сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда эки бейтап каза болду. Акыркы сутка ичинде 5 420 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 580 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 94 миң 803 киши айыгып чыкса, 1 миң 729 адам каза болду.