Бүгүн, 4-ноябрдагы маалымат боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус менен катталган адамдардын саны 248 млн 80 миң 479га жетти. Бул тууралуу АКШнын Жонс Хопкинс университети билдирди.
Дүйнө жүзүндө COVID-19’дун кесепетинен 5 млн 21 миң 452 киши каза тапты.
Дүйнөдө коронавирус жуктурган жана анын кесепетинен каза болгон адамдардын саны боюнча АКШ 1-орунда турат. Ал жакта 46 млн 252 миң 513 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 750 миң 423 бейтап көз жумду.