Кыргызстанда дагы 66 адам COVID-19 илдетинен сакайды Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Республикалык ыкчам штаб билдирди.
Айыккандар:
— Бишкек шаарында 18 адам;
— Ош шаарында ооруканадан чыккандар жок;
— Чүй облусунда 35 адам;
— Ош облусунда 3 адам;
— Талас облусунда 1 адам;
— Нарын облусунда 4 адам;
— Ысык-Көл облусунда 3 адам;
— Жалал-Абад облусунда 3 адам ;
— Баткен облусунда ооруканадан чыккандар жок.
Кыргызстанда жалпы 83 миң 127 адам коронавирустан айыкты.