Бир сутка ичинде 81 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.
«Бишкек шаарынан 23, Чүй облусунан 11, Ош облусунан 4, Ош шаарынан 20, Баткен облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 9, Нарын облусунан 2, Ысык-Көл облусунан 9, Талас облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды»,-деди Акматова.
Кошумчалай кетсек, республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3134 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты.