• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирустан 816 адам айыкты

4 Баш оона 2020 11:32 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 816 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

«Бишкек шаарында 217 киши, Ош шаарында – 39, Чүй облусунда – 93, Ош облусунда – 56, Талас облусунда – 64, Нарын облусунда – 20, Ысык-Көл облусунда – 110, Жалал-Абад облусунда – 158, Баткен облусунда 59 бейтап коронавирустан айыкты»,-деди Акматова.

Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 28 миң 743кө жетти.

Количество просмотров: 59