• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Коронавирустан айыккандардын саны 37 миңге чукулдады

25 Баш оона 202011:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 310 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирет.

«Бишкек шаарында 112, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 43, Талас облусунда — 7, Нарын облусунда – 19, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 54, Баткен облусунда 27 бейтап коронавирустан айыкты»,-деди ал.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 36 миң 925ке жетти.

Количество просмотров: 66