Бир суткада 109 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
«Бишкек шаарынан 48, Чүй облусунан 23, Ош шаарынан 2, Ош облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 8, Баткен облусунан 5, Нарын облусунан 14, Ысык-Көл облусунан 4 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды»,-деди ал.
Кошумчалай кетсек, жалпысынан өлкө боюнча айыккандардын саны 4995 кишини түздү.