Бир сутка ичинде 30 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.
«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 15, Чүй облусунан 2, Ош облусунан 3, Ош шаарынан 1, Жалал-Абад облусунан 6, Нарын облусунан 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, республика боюнча жалпы 2242 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.