• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирустан айыктыруучу «кайнатма» ойлоп тапкан президент менен министр тууралуу коомчулук эмне дейт?

16 Чын куран 2021 18:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19 вирусуна каршы элди уу коргошун чөбүнүн тундурмасы менен дарылап жатканын жарыялады.

Саламаттык жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска чалдыгып, ооруканада жаткандарга соңку 15 күндөн бери Ысык-Көл тамыры деп аталган чөптүн тундурмасы берилип жатканын кабарлады.

Ал мындай дарылоону президент Садыр Жапаров сунуштаганын, бейтаптарды дарылоодо дозаны аныктоо үчүн президенттен кеңеш сурап жатканын айтты.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Анын сыртында «Уу коргошун» деген жазуу бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кыргыз бийлиги айткан ыкма тууралуу билдирүү таратып, кайсы дары болбосун клиникалык изилдөөдөн өтүшү керектигин, ансыз элди дарылоо кооптуу экенин эскертти.

Ал эми медицина жаатындагы адис, фармаколог Бермет Барктабасова министр так ушул мыйзамды бузганын айтууда. Ал Бейшеналиев уу чөптүн тундурмасын бейтаптарга ичирип, эксперимент кылганы жана аны медиа аркылуу жарнамалаганы үчүн жоопко тартылышы керек деди

«Уу коргошун же Ысык-Көл тамыры бүгүн дары катары эч жерде колдонулбайт. Кыргызстандын аймагында аны колдонууга тыюу салынган. Дары-дармек департаментинде дары-дармектердин, күчтүү дары-дармектердин, баңги жана баңги заттардын курамына кирбөөчү уулуу заттардын тизмеси бар. Анда аконит, «А» менен башталгандыктан биринчи орунда турат. Уу коргошун дары-дармекке кирбейт жана колдонулбайт. Бул зат тууралуу кыргыздар мурда эле билген. Ага ууланып каза болгон учурлар да катталган. Дүйнөлүк практикада да эч жерде дары катары колдонулган эмес. Ошондуктан бүгүн министрдин айткандары кылмыш ишин козгоого негиз болуп берет».

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Назира Артыкова коронавирустук инфекцияны уу коргошун менен дарылоо мүмкүн эмес экендигин айтат.

Ал баардыгына илимий тастыктоо зарыл экенин белгилейт.

Ал арада социалдык тармактардын колдонуучулары министр Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсүн сынга алып, тамаша аралаш пикирлерди, шакабаларды жазууда.

Уу коргошунга байланыштуу билдирүүдөн кийин активист Умай Арыкова саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага даттанганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 526